Вице-мэр Ош базарынын соодагерлери менен жолукту

12.08.2025 | 13:18

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин жетекчилиги алдында Ош базарына көчмө жыйын уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги коргоо зонасында жайгашкан соода объекттерин текшерүү иштери жүргүзүлүп, демонтаждалууга тийиш болгон болжол менен 70 соода жайынын тизмеси түзүлүүдө. Ошондой эле оң тарабындагы бир соода катарын сактап калуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан сырткары, Ош базарында мыйзамдуу негизде иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында 20 бош соода оруну бар экендиги маалымдалды.

Ошондой эле, базардын аймагында муниципалдык кызматтарга жумушка орношууга арналган вакансия күркөсү орнотулуп, шаардык кызматтарда жалпы 1400 бош орун бар экендиги айтылды.

Белгилеп кетсек, борбор калаадагы бардык базарларда мыйзамсыз сооданы жоюу, көрктөндүрүү жана суу жээктерин бошотуп калыбына келтирүү иштери Бишкек шаарынын мэри Айбек Жжунушалиевдин тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top