Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирди

09.11.2026 | 10:01
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирди — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Жыргалаң» кичи гидроэлектростанциясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жашыл энергетика фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, станциянын орнотулган кубаттуулугу 7,8 МВтты түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясы «Ала-Тоо Резорт» тоо-туристтик кластерине берилет.

Долбоорду ишке ашырууга башкы долбоорлоочу катары «Hydroenergetica», башкы подрядчы катары «BERG HOUSE», электр-техникалык иштер боюнча «Электро-плюс» ЖЧКсы катышкан. Ал эми жабдууларды «CINK Hydro-Energy» компаниясы жеткирген.

Фонд аталган ГЭСтин ишке берилиши кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүгө жана Ысык-Көл облусунун туристтик тармагын энергия менен камсыздоого багытталганын билдирди.

Scroll to Top