Бишкекте жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт

09.11.2026 | 09:40
Бишкекте жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт — Новости Кыргызстана

10-ноябрда Бишкек шаарында Илим күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» аттуу форум өтөт.

Иш-чаранын максаты — жашыл энергетика тармагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү болуп саналат. Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты камсыз кылууга багытталган.

Форумдун жүрүшүндө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу, энергетикалык натыйжалуулук, долбоорлорду ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу жана адистерди даярдоо маселелери талкууланат. Программада баяндамалар, «InnovTech 2026» технологиялар көргөзмөсү жана тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулар каралган.

Иш-чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бишкек шаарынын Чүй проспектиси, 346 дарегинде жайгашкан «ROX Centre» бизнес-борборунда өтөт.

Scroll to Top