Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөт

08.11.2026 | 16:03
Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөт — Новости Кыргызстана

3–4-декабрь күндөрү Бишкек шаарында «Аялдардын туризмди туруктуу өнүктүрүүдөгү ролу» аттуу эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Иш-чара агенттик тарабынан БУУ Туризм уюму менен кызматташтыкта, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулууда. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик тармактын өкүлдөрү катышат.

Программанын алкагында мамлекеттик жана жеке сектордун катышуусунда тегерек столдор өтүп, туризмде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, лидерлик, ишкердик жана кесиптик өнүгүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле 4-декабрда 150 адамдын катышуусунда БУУ Туризм уюмунун аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча семинары өтөт.

Форумга катышуу үчүн каттоо 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Катталуу боюнча толук маалыматты агенттиктин расмий сайтынан табууга болот.

Scroll to Top