Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Жаңы имаратта Ош облустук юстиция башкармалыгы, Пробация департаментинин түзүмдөрү, мамлекеттик жана социалдык нотариустар, Юридикалык жардам кызматы жайгаштырылды. Ошондой эле Түштүк нотариалдык архиви жана юридикалык жактардын архиви бар.
Министрлик бир нече кызматтын бир имаратта топтолушу жарандардын убактысын үнөмдөөгө, керектүү кызматтарды бир жерден алууга жана тейлөөнүн ыкчамдыгын жогорулатууга шарт түзөрүн билдирди.
Ачылыш аземге юстиция министри Алмаз Айылчиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамир Бикулов жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жетекчиси Абду-Салам Тайиров катышкан.