Бишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду

04.11.2026 | 10:32
Директор бишкекского Центра экстренной медицины победил в конкурсе стран СНГ — Новости Кыргызстана

Бишкектеги Тез жардам борборунун директору Егор Борисов «КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо лидери — 2026» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Борисов «КМШ өлкөлөрүнүн улуттук саламаттык сактоо системаларын санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн» номинациясында жеңүүчү дипломун алды. Ал «Шашылыш медициналык жардамды санариптик трансформациялоо: Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун автоматташтырылган башкаруу системасы» долбоору үчүн сыйланды.

Сынакка КМШнын алты өлкөсүнүн — Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларустун жана Азербайжандын өкүлдөрү катышты. Долбоорлорду эл аралык эксперттик комиссия натыйжалуулугун, практикалык жыйынтыктарын жана башка өлкөлөрдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен баалады.

Саламаттык сактоо министрлиги бул жеңишти Кыргызстандын шашылыш медициналык жардам тармагында санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасынын таанылышы жана борбордун жалпы жамаатынын ишинин натыйжасы деп эсептейт.

Scroll to Top