Минздрав калктын инфекцияларга каршы иммунитетин текшерет

09.11.2026 | 10:24
Минздрав проверит иммунитет кыргызстанцев к кори, дифтерии и другим инфекциям — Новости Кыргызстана

Саламаттык сактоо министрлиги калктын сероэпидемиологиялык изилдөөсүнүн жаңы этабын баштады. Анын максаты — калктын эмдөө жүргүзүлүүчү инфекцияларга, ошондой эле зооноздук жана табигый очоктук инфекцияларга каршы иммунитетин баалоо.

Иш-чара 2026–2028-жылдарга карата Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүү программасынын алкагында Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы эпидемиология жана микробиология илим изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө.

Бул изилдөө 2023–2025-жылдары беш өлкө — Беларусь, Кыргызстан, Армения, Түркмөнстан жана Сербия катышкан эл аралык долбоордун уландысы болуп саналат. Ал учурда Кыргызстанда 6 617 ыктыярчы катышкан. Алардын организминдеги кызамык, кызылча, эпидемиялык паротит, COVID-19 жана вирустук гепатиттердин козгогучтарына каршы антителолордун деңгээли аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, изилдөөнүн жыйынтыгы калктын айрым топторунда иммунитет жетишсиз экенин жана эмдөө аркылуу алдын алуу иштерин жакшыртуу зарылдыгын көрсөткөн.

2026–2028-жылдардагы жаңы этап кошумча (өткөрүлбөй калган эмдөөлөрдүн ордун толтуруучу) эмдөө кампаниялары жүргүзүлүп жаткан инфекцияларга каршы калктын иммунитетинин өзгөрүшүн байкоого жана зооноздук, табигый очоктук инфекциялардын иш жүзүндөгү таралышы тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун негизги милдеттери:

  • Кыргызстанга мындай изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн IT куралды өткөрүп берүү;
  • кошумча эмдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен жалпы калктын жана жаш курактык топтордун арасында кызамыкка, көк жөтөлгө, кептөөргө, селеймеге жана суу чечекке каршы иммунитеттин абалын жана өзгөрүү динамикасын баалоо;
  • өлкө үчүн маанилүү болгон табигый очоктук жана зооноздук инфекциялардын таралышы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу.

Министрликтин күтүүсүнө ылайык, изилдөөнүн жыйынтыктары эпидемиологиялык кырдаалды болжолдоого жана алдын алуу иш-чараларын пландаштырууга негиз болот.

Scroll to Top