Ысык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тоо эчкилери менен Марко Поло аркарларынын үйүрлөрү видеого түшүрүлдү. Кадрларды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда тартып алышкан.
Адистердин айтымында, акыркы мезгилде аймакта тоо эчкилери менен Марко Поло аркарларынын саны көбөйүүдө. Министрлик муну жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен байланыштырат. Ошондой эле популяциянын көбөйүшүн жаратылышты коргоо чараларынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири катары баалайт.


Министрлик жапайы жаныбарларды браконьерликтен коргоо, алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана коруктарда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында көбөйүшү үчүн шарттарды түзүү иштерин туруктуу жүргүзүп келет.