Ысык-Көлдүн жээгинде чатырда от жаккан жаранга чара көрүлдү

09.11.2026 | 10:31
На берегу Иссык-Куля мужчина разжег костер в палатке и был наказан — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгине чатыр тигип, от жаккан жаранга административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда белгисиз адам көл жээгине коюлган чатырдын ичинде от жагылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Анын негизинде экологиялык кызматтын өкүлдөрү жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында бул окуя Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин көл жээгиндеги аймагында болгондугу аныкталган. Ал эми белгиленбеген жерде от жаккан жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде административдик чара колдонулган.

Scroll to Top