Кызыл-Кыяда 24 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы келинди кызганычтын айынан муунтуп өлтүрүүгө шектелип, анын 31 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда саат 11:20 чамасында шаардык ооруканага Караван айылынын тургуну Д.С.нын сөөгү жеткирилген. Текшерүүдө маркумдун өлүмүнө анын жолдошу М.К.нын тиешеси бар экени аныкталган.
Алгачкы текшерүүдө жубайлар ортосунда кызганычтан улам чыр чыгып, күйөөсү аялын уруп-сабап жана муунтуп өлтүргөнү белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция жубайлар 2020-жылы баш кошконун, ал кезде каза тапкан келин 18 жашта гана болгонун билдирди. Ошондой эле соцтармактардагы маркумду күйөөсү балта менен чаап өлтүргөн делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганы маалымдалды.