Ала-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт

09.11.2026 | 11:16
Ала-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде онлайн жыйын өтүп, издөө иштерин күчөтүү тапшырмасы коюлду.

«Издөө иштерине ӨКМ кызматкерлери, тажрыйбалуу альпинисттер жана дрон учурган ыктыярчылар тартылды. Ошондой эле издөөгө тик учак дагы чыгат», — деди Орунбеков.

Эске салсак, 7-ноябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында 15 жаштагы Амир үйүнөн чыгып, жакындарына Ала-Арчадагы чуркоо жарышына (забегге) катышууга кеткенин айткан. Бирок жаш курагына байланыштуу ал жарышка катышууга киргизилбей калып, андан соң өз алдынча Адыгене капчыгайын көздөй кеткен.

Жакындарынын маалыматы боюнча, саат 14:00 чамасында өспүрүмдү «Электро» унаа токтотуучу жайынан көрүшкөн. Болжол менен саат 19:00–20:00дө ал ӨКМге чалып, адашып кеткенин билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

8-ноябрда издөө иштерине куткаруучулар жана альпинисттер кошулган. Кийинчерээк өспүрүмдүн рюкзагы табылган.

Ошондой эле 8-ноябрда саат 5:05те Амирдин телефону Аламүдүн районунун Восток айылынан белги бергени кабарланган. Андан бери анын кайда экени белгисиз бойдон калууда.

Жоголгон күнү Амир кызыл куртка (кийин аны кара түстөгү курткага алмаштырган), сыя көк (фиолетовый) түстөгү шапка жана кара желетке кийип жүргөн. Жанында экраны сынган жана түстүү кабы (чехолу) бар Redmi 11 телефону болгон.

Анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдардын өспүрүмдүн жакындарына же укук коргоо органдарына кабарлап коюусу суралат.

Scroll to Top