Садыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекитти

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын электрондук кайрылууларын кароо тартибин өзгөрткөн мыйзамга кол койду.
Буга чейин бул документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 15-октябрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты — жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү жана тартипке келтирүү.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутумдар, расмий сайттар жана электрондук почта аркылуу түшкөн кайрылууларды кароого милдеттүү.
Электрондук кайрылууга жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда даярдалып, электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Андан кийин жооп кайрылууда көрсөтүлгөн жарандын электрондук дарегине жөнөтүлөт. Эгерде дарек көрсөтүлбөсө, жооп кайрылуу келген почтага жиберилет. Бул учурда мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы колдонулушу шарт.
Эгер жаран жоопту почта дарегине жөнөтүүнү суранган болсо, аны жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, эгер жаран өзү жооп алуунун башка ыкмасын көрсөтпөсө, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары кайрылууну кароонун жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө арыз ээлерине кайрылуу кандай формада келсе, дал ошондой формада маалымат бериши керек.