Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды

Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Айдит Эркин буга чейин Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы элчиси, ошондой эл КРдин Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү кызматтарында иштеп жаткан. Президенттин жарлыгы менен ал аталган кызматтардан бошотулду.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, жаңы элчи 1972-жылдын 2-мартында туулган. Ал Кыргызстандын Орусиядагы кеңешчи-элчиси, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору кызматтарын аркалаган.
2018–2019-жылдары президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.