Юрий Низовский жемкорлукка шектелип камалды
Юрий Низовский менен анын жакындарынын мүлкү 150 миллион сомго бааланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Бүгүн №61 физика-математика мектебинин директору Юрий Низовский кармалды. Ага коррупция боюнча айып тагылды.
УКМКнын маалыматына караганда:
▪️ Низовский уюштурган туруктуу коррупциялык схемасы ата-энелерден мыйзамсыз акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк берген;
▪️балдарды 1-класска жана бала бакчага киргизүүгө жардам көрсөтүү үчүн акчаны кайра-кайра алуу фактылары аныкталды;
▪️мүлктөрүн жашыруу максатында өзүнүн жакындарына жана ишенимдүү адамдарга мыйзамсыз мүлкүн берген;
▪️анын жана жакын туугандарынын менчигинде болжолдуу баасы 150 миллион сомдук 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр (жер тилкелер, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер) бар экени аныкталган;
▪️ тинтүү иштери кеңседе, батирде жана дачада жүргүзүлгөн. Ири чет элдик валюта, ошондой эле жогоруда аталган мүлккө тиешелүү документтер табылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
https://reporter.kg/%e2%84%9661-mekteptin-direktoru-yurij-nizovskij-ukmk-tarabynan-karmaldy/