Жалал-Абаддын бир катар айыл аймактарында сел жүрдү — видео

Жалал-Абаддын бир катар айыл аймактарында сел жүрдү — видео

Жалал-Абад облусунун бир катар айыл аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-августта саат 20:30–21:00 чамасында Өрүктү айыл өкмөтүндө кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, сел суулары 4 турак үйдүн мал сарайларына кирген, 1 турак үйдүн короосундагы бассейнге кум-шагыл жана жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жерине Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо иштери уланууда. Кырдаалга жараша бул күнү айыл аймак жана ЖТИ тарабынан техникалар тартылат.

Бегилей кетсек 9-август күнү жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүргөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>