Eagle FC 49: Көз караштар тиреши кандай өттү? Фоторепортаж

Eagle FC 49: Көз караштар тиреши кандай өттү? Фоторепортаж

Бүгүн, 9-августта Бишкекте Eagle FC 49 мелдешинин катышуучуларынын маалымат жыйыны жана көз караштар тиреши өттү.

Көз караштар тиреши Eagle FC’нин президенти Шамиль Завуров жана UFC’нин чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун катышуусунда болду.

Eagle FC 49 мелдешинин беттештери эртең, 10-августта Бишкектеги «Бишкек арена» муз аянтчасында өтөт. Мелдештин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедовго каршы кез келет.

Эскерте кетсек Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы жарым жеңил салмак (65,8 кг) категориясынан 1,4 килограммга оор болуп калгандыктан, лиганын эрежесине ылайык ал чемпиондук курунан ажыратылган. Кыргызстандык мушкер чемпиондук курунан ажыратылганына карабай эки мушкердин ортосундагы беттеш өтөт жана ал титулдук деп эсептеле берет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Eagle FC 49

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>