Жалал-Абад: Чаткалда унаа жол убактылуу жабылды
Жалал-Абадда түшкөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
3-декабрь күнү алдын ала маалымат боюнча саат 22:27 чамасында “Ала-Бука – Жаңы- Базар – Кировка” унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 м3, 92-чакырымында 250м3 жана 91-92-чакырымында 500м3 кар көчкү түшүп, каттамды эки тараптуу жабып калган.
Кар көчкүнү тазалоо иш-чарасын жүргүзүү максатында жерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана №27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган.
Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.
Ал эми “Красная Горка – Ак-Таш” унаа жолунун 4-чакырымында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши бүгүн жүргүзүлөт. Жабыркагандар жок.
Аталган унаа жолдор Чаткал районунун акиминин орун басарынын буйругунун негизинде убактылуу жабылган. ИИМдин кызматкерлери тарабынан “Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка” унаа жолунун 38 жана 103 чакырымдарында нөөмөт уюштурулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз