Жалал-Абад: Чаткалда унаа жол убактылуу жабылды

Жалал-Абад: Чаткалда унаа жол убактылуу жабылды

Жалал-Абадда түшкөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

3-декабрь күнү алдын ала маалымат боюнча саат 22:27 чамасында «Ала-Бука — Жаңы- Базар — Кировка» унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 м3, 92-чакырымында 250м3 жана 91-92-чакырымында 500м3 кар көчкү түшүп, каттамды эки тараптуу жабып калган.

Кар көчкүнү тазалоо иш-чарасын жүргүзүү максатында жерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана №27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган.

Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.

Ал эми «Красная Горка — Ак-Таш» унаа жолунун 4-чакырымында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши бүгүн жүргүзүлөт. Жабыркагандар жок.

Аталган унаа жолдор Чаткал районунун акиминин орун басарынын буйругунун негизинде убактылуу жабылган. ИИМдин кызматкерлери тарабынан «Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка» унаа жолунун 38 жана 103 чакырымдарында нөөмөт уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>