Кыргызстандын Каржы министрлиги жана Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча кадамдарды белгилештиСаламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылдыБашкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылдыРосатом Кыргызстандагы уран казып алуу объекттерин рекультивациялоону аяктадыАйыл чарба министрлигине 63 даана атайын техника тапшырылдыЖогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды
Жалал-Абадда бир жумада 36 мас айдоочу аныкталып, 135 унаа айып короого токтотулду
22.02.2021 | 12:45
Жалал-Абад облусунда бир аптада 36 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Reporter.kgге облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февральдан 20-февралга чейинки бир жума аралыгында жол эрежелерин бузган жалпы 1821 айдоочуга айып салынган. Анын ичинен 36 айдоочу автоунааларын мас абалында, 678 айдоочу жогорку ылдамдыкта, 17 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1087 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 135 автоунаа атайын айып короого коюлган.
Рубрики: Окуялар