Жалал-Абадда дагы бир чакан ГЭС ишке берилди
Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абаддын Токтогул районунда “Кайнама” чакан ГЭСи ишке берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
Курулушу 2023-жылдын ноябрында башталып, 9 айдан кийин ишке берилген чакан ГЭСтин кубаттуулугу – 9,6 МВт. Ал жылына 39,2 млн кВт/саат энергияны иштеп чыгат. Бул ГЭС Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, андан тышкары Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларын электр энергия менен камсыз кылат.
“Кайнама” чакан ГЭСин курууга 9 млн 307 миң доллар жумшалган. Ал акчаны Raffaisen Landesbank Steiermark банкы жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бөлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн Сузак районунда «Көк-Арт» чакан ГЭСи ишке берилген.
https://reporter.kg/suzakta-10-min-turgundu-elektr-energiya-menen-kamsyz-kyla-turgan-ges-ishke-kirdi/