«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Сауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөт
12.06.2026 | 17:07

Кыргызстанда сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн ишкердик субъектилер үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка ылайык, жаңы салык ставкалары төмөнкүдөй белгиленди:
- Сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөндөр субъектилер үчүн салык ставкалары 5%га төмөндөтүлдү (буга чейин 8% болгон);
- Коомдук тамактануу тармагындагы субъектилер үчүн салык ставкалары Бишкек жана Ош шаарларында 5%, башка аймактарда 3% деп белгиленди.
Мындан тышкары, турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4% деп белгиленди. Бул категориядагы субъекттер үчүн гана салыкты алдын ала төлөө талабы сакталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: салык