«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Түркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылды
12.06.2026 | 17:48

Түркиянын Анталья провинциясында дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Kaya Palazzo Belek» мейманканасында иштеген 24 жаштагы Э.Ж. аттуу жигит 6-июнда деңизде сүзүп жүрүп дайынсыз жоголгон. Түркиянын жээк күзөтү жана башка тиешелүү органдары жүргүзгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, анын сөөгү 11-июнда табылган.
ТИМ учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн тиешелүү документтер даярдалып жатканын билдирди. Маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турганы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар