Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Бишкек шаарындагы акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга унаа токтотуу үчүн акыны төлөөдөн качкандарга айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 192¹-беренесинде каралганын Бишкек мэриясы эскертти.
Маалыматка ылайык, «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасынын кызматкерлери «Жөө патруль» мобилдик тиркемесин колдоно башташат. Тиркеме унаа токтотуучу жайдагы орундардын толушун эсепке алууга жана эреже бузууну каттоого шарт түзөт.
Мэрия айдоочуларды унаа токтотуучу жайлардын акысын өз убагында төлөөгө жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырды. Аталган талаптар акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгон жерлерде колдонулат.