«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
12.06.2026 | 16:38

Министрлер кабинети транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү үчүн жыйымдын баасын убактылуу төмөндөтүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жеңилдетилген мөөнөт үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин бир ай бою күчүндө болот. Бул чечим унаа ээлерине уруксат кагаздарын тариздөөдө шарт түзүү максатында кабыл алынган.
Убактылуу тарифтердин өлчөмү:
- Жеке жактар (резиденттер) үчүн — 35 миң сом;
- Юридикалык жактар үчүн — 55 миң сом;
- Чет өлкөлүк жарандар (нерезиденттер) үчүн — 75 миң сом.
Токтом 2026-жылдын 15-июнунан тарта күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Министрлер кабинети, Токтом