«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болду
12.06.2026 | 17:54

Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы Түлөбердиев көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде болгон кайгылуу окуя боюнча маалымат берди.
Мекеменин билдиришинче, 12-июнда саат 09:30дар чамасында «102» кызматына 9 айлык наристе жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдын ала териштирүүнүн жүрүшүндө наристе үйдүн короосундагы көчө дааратканасына түшүп кеткени аныкталган.
Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана ӨКМ кызматкерлери барышкан. Куткаруучулар наристенин сөөгүн алып чыгып, соттук-медициналык эксперттерге өткөрүп беришкен.
Текшерүү иштери уланууда.