Иран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалымат

Ирандын Mehr агенттиги Иран менен АКШнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жарыялады.
Документ 14 пункттан турат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
• бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согушту толук жана токтоосуз токтотууну;
• АКШнын Ирандын ички иштерине кийлигишпөө принцибин кармануусун жана өлкөнүн эгемендигин урматтоосун;
• 30 күндүн ичинде деңиз блокадасын толук алып салууну;
• Иран менен болгон макулдашууларды эске алуу менен 30 күндүн ичинде Ормуз кысыгынын ишин кайра жандандырууну;
• АКШнын Иран менен чектешкен аймактардан аскерлерин чыгарып кетүү милдеттенмесин аткаруусун;
• мунай, мунай химиясы продукцияларын жана андан алынган заттарды сатууга коюлган санкцияларды токтото турууну, ошондой эле Ирандын өзүнүн каржылык ресурстарына толук жетүүсүн камсыз кылууну;
• АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн Иранды калыбына келтирүү боюнча кеминде 300 миллиард долларлык планды сунуштоо милдеттенмесин;
• өзөктүк (ядролук) маселелер, бардык санкцияларды, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңешинин резолюцияларын толук жокко чыгаруу боюнча акыркы келишимге жетишүү үчүн 60 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү;
• Ирандын Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге берилгендигин ырастоосун жана өзөктүк курал өндүрүүдөн баш тартуусун;
• АКШнын сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда аймактагы аскерлеринин санын көбөйтпөө жана жаңы санкцияларды киргизбестөө милдеттенмесин;
• 60 күндүк жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр мезгилинде Ирандын 24 млрд доллар каражатын бөгөттөн чыгарууну, мында сумманын жарымы сүйлөшүүлөр башталганга чейин Иранга берилиши керектигин;
• келишимдин аткарылышына мониторинг жүргүзүү механизмин түзүүнү;
• акыркы келишимди БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы менен бекитүүнү;
• Ирандын каражаттарынын жарымы бөгөттөн чыгарылмайынча, мунай санкциялары токтотулмайынча жана деңиз блокадасы алынмайынча жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр башталбайт деген шартты.
Ирандын ракеталык программасын жана каршылык көрсөтүү топторун колдоону талкуулоо күн тартибинен чыгарылган.
Ирандын ТИМи (Тышкы иштер министрлиги) текст азырынча алдын ала мүнөздө экендигин жана өлкөнүн тармактык мекемелери тарабынан каралып, жеткире иштеп чыгууну талап кыларын билдирди.
Тараптар дал ушундай келишим долбоорун карап жаткандыгы тууралуу маалыматты америкалык тарап расмий тастыктай элек, деп кабарлайт басылма.