Жалал-Абад облусунун Сузак районунда көзүнө бычак сайылып калган 9 жашар кызга операция жасалды. Бул тууралуу облусттук балдар клиникалык оорукананын дарыгери Гүлбарчын Рахманова билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну ооруканага кайрылган.
«Бир сааттык убакытты талап кылган бул операциянын жыйынтыгында кыздын кареги аман сакталып, көрүүсүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учур артта калып, операция ийгиликтүү жасалды. Облустук балдар клиникалык ооруканасы балдарды алардын ата-энелерин этият болууга чакырат», -деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз