Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаранга айып пул салынды

23.11.2026 | 12:50
Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаранга айып пул салынды — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаран аныкталды. Аларга жалпы 37 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Рейд Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жүргүзүлгөн. Анда үч жаран мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринде кармалып, аларга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык протоколдор түзүлгөн. Ошондой эле жарандардын бири бир кекиликти мыйзамсыз атып алгандыгы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн кошумча 2 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.

Министрлик жарандарды мыйзамдардын талаптарын сактоого жана мыйзамсыз аңчылык кылбоого чакырды. Ошондой эле рейддик иштер мындан ары да жүргүзүлөрү маалымдалды.

Теги: аңчылык
Scroll to Top