«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылат

Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй облусундагы «Чалдыбар — автожол» өткөрмө бекетинде чектөөлөр киргизилерин билдирди. 23-ноябрдан тарта Казакстандан жүк ташуучу унаалардын кирүүсү чектелет. Ал эми 25-ноябрда саат 01:00дөн тартып жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды эки багытта тең өткөрүү толугу менен токтотулат.
Чектөөлөр Казакстандын «Сыпатай Батыр» өткөрмө бекетинде капиталдык курулуш иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу киргизилүүдө. Ошол эле учурда жарандардын чек арадан жөө өтүүсү кадимки тартипте уланат. Казакстандын бийлигинин маалыматына караганда, унаалардын кыймылын 2027-жылдын аягына чейин калыбына келтирүү пландалууда.
Айдоочуларга жана логистикалык компанияларга каттамдарын алдын ала пландаштыруу сунушталат. Чүй облусунда чек арадан өтүү үчүн башка өткөрмө бекеттер да иштейт: «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Кен-Булуң» жана «Токмок».