Ысык-Көлдө эки эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, компанияларга айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы үч эс алуу жайынын жана бир мейманкананын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, экөөсүнүн курулушу токтотулду. Ал эми аларды куруп жаткан компанияларга айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунда рейддик иш-чара өткөн. Анда төмөнкү төрт курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталган:
- Сары-Ой айылындагы “Терма” апарт-мейманканасы;
- Чок-Тал айылында жайгашкан “Маракеш Резиденс” эс алуу борбору;
- Бостери айылындагы “Даймонд Резорт” эс алуу борбору;
- Бостери айылындагы “Имарат Резорт” эс алуу борбору.
Министрлик буга чейин да бул объектилерде мыйзам бузуулар аныкталып, башкармалык тарабынан эскертүүлөр берилгенин билдирди.
Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, төрт курулуш компаниясына: “СК Авангард Групп”, “Эксперт Логистик”, “Имарат Строй” жана “ЭММА Курулуш” ЖЧКларына жалпы 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ошондой эле «Даймонд Резорт» жана «Маракеш Резиденс» эс алуу борборлорунун курулушу токтотулуп, компаниялардын лицензиялары жокко чыгарылган.