Айыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылды

23.11.2026 | 11:48
На лизинг сельхозтехники привлечен инвестиционный кредит в размере 45 млн долларов — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды лизингге берүү долбооруна 45 миллион доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүзөгө ашырылып, дыйкандар менен фермерлерге техниканы жеңилдетилген шарттарда алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Лизинг 7 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк чени менен берилет. Каржылоо булактары болуп «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аныкталган.

Министрликтин маалыматында, бул каражат агрардык тармакты техника менен камсыздоого, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууга багытталган. Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленип, ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.

Scroll to Top