Бишкек ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди — чоо-жайы

23.11.2026 | 12:38
Бишкек ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди — чоо-жайы — Новости Кыргызстана

Бишкектин Ленин райондук соту 20-ноябрда борбор калаанын ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары Сүйүнали Амракуловду камакка алды. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясынын 2026-жылдын 20-ноябрындагы токтому менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого айыпталуучу катары тартылган А. С. М.га карата тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2026-жылдын 16-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ТИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Эске салсак, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө оордотуучу жагдайларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчилик каралган.

Аталган нормага ылайык, мындай кылмыш үчүн төмөнкүлөр каралган:

• беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
• мүлкүн конфискациялоо;
• белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу.

Эске салсак, 2025-жылдын 11-ноябрында Сүйүнали Амракулов Бишкек ШИИББнин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалган. 2026-жылдын 27-октябрында ал ээлеген кызматынан бошотулган.

Анара Мамытова

Scroll to Top