Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда

Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова өзүнүн соцтармагында билдирди.
Анын айтымында, министрликте кымыз өндүрүүчүлөрдүн жана изилдөөчү окумуштуулардын катышуусунда жыйын өткөн. Анда «Кыргыз кымызы» брендин жайылтуу, тармактын учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, мамлекеттик колдоо механизмдери каралган. Ошондой эле кымыз өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу, аны ички жана тышкы базарларга чыгаруу маселелери талкууланган.
“Кымыз чыгаруучуларга женилдетилген насыя менен акча бөлүнөт, эми ошону алуу механизмдерин иштеп чыгып жатабыз. Кымыз баалуулугун көтөрүп жүргөндөр биригип, жумушчу топ түзүлдү. Мындан ары министрлик менен тыгыз иштөө улана берет”,- деп билдирди Рысгүл Акимжанова.