Жалал-Абад шаарынын мэриясы Токтогул атындагы сейил багын оңдоп-түздөөгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендер 5-сентябрда жарыяланган. Арыздар 20-сентябрга чейин кабыл алынат.
Сейил бакты оңдоп-түзөөгө 25 млн 619,7 млн сом сарпталары пландалган.
Тендердин жеңүүчүсү сейил бактагы оңдоп-түзөө иштерин 6 ай ичинде бүткөрүшү керек.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда