Айланма жолдогу кырсык: Каза болгон беш адам тууган болгон

Айланма жолдогу кырсык: Каза болгон беш адам тууган болгон

Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда 3-сентябрда катталган жол кырсыгында жаракат алып, ооруканага түшкөн 3 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгынан кийин 3 жашар Ж.А.Э. аттуу бала Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жаткырылган. Кийинчерээк ал Бишкектеги 3-балдар ооруканасына оор абалда которулган. Эки күндөн кийин, тактап айтканда кечээ, 5-сентябрда бала көз жумган. Жол кырсыгы болгондо бала «БМВ 325» унаасында келе жаткан.

Кырсык болгон учурда «БМВ 325» унаасынын 36 жаштагы К.С.З. аттуу айдоочусу жана жүргүнчүлөр — 20 жаштагы К.З.Т., 5 жаштагы Ж.А.Э., 71 жаштагы К.Х.М. каза тапкан.

Каза болгондор аталаш туугандар болгон. 3 жаштагы Ж.А.Э. менен 5 жаштагы Ж.А.Э. бир тууган, 36 жаштагы айдоочу менен 20 жаштагы жүргүнчү аталаш эже-сиңди, ал эми 71 жаштагы К.Х.М. чоң энеси болгон.

Эскерте кетсек, жол кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда (ГЭС-5 району) кечинде болгон. «БМВ 325» унаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып алгач карама-каршы тилкеде келе жаткан «Мазда Демио» унаасын сүзүп, андан кийин «Мерседес-Бенц» унаасы менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «БМВ 325» унаасында бара жаткан 4 адам жана «Мазда Демио» унаасынын 28 жаштагы айдоочусу каза болгон. Ал эми жабыркаган 16 жаштагы Ш.С.Ш, 3 жаштагы Ж.А.Э. жана М.Б.К. (туулган жылы такталууда) Ысык-Ата районундагы ооруканага жаткырылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>