Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео

Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук милицияга Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип,  тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга А. аттуу дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго  сатып,  ага 700 000 сомун гана берип,  калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн.

Ушул эле айда Айбек менен Турар аттуу жигиттер келишип, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң,  200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.

Аталган факты  боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Турар жана Айбек аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган.

Шектүүлөрдүн жашаган дарегине Жалал-Абад шаардык соту тарабынан атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн уруксат токтомдору алынган. 28-январь күнү аталган жарандар кармалышып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайларына тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн  2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель)  окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынды.

Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн  жана “БМВ” үлгүсүндөгү  унаадан   бир даана  күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды. Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>