Касымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырды

29.10.2026 | 15:51
Касымалиев чек ара жаңжалдарынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырды — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга Ош жана Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган жарандардын турак жайга байланыштуу маселелерин толук чечүүнү тапшырды. Ошондой эле ал ар бир жагдайды жекече карап чыгууну жана ишти кечиктирбөөнү милдеттендирди. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы мындай тапшырманы бүгүн, 29-октябрда, Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында берген.

Отурумда 2021–2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен турак жайсыз калган жарандарды там менен камсыз кылуу жараяны каралган. Минкабдын маалыматында, мамлекеттик комиссия ушул убакка чейин турак жайларды, социалдык мекемелерди жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө багытталган 172 тапшырманы аткарган.

Жыйындын соңунда өкмөт башчысы кабыл алынган бардык чечимдерди бекитилген мөөнөттө толук аткаруу милдетин койгон.

Scroll to Top