Жаңы гимнди жазуу сынагына 16 эмгек келип түштү

Жаңы гимнди жазуу сынагына 16 эмгек келип түштү

Кыргызстандын жаңы гимнин жазуу сынагына 16 эмгек келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган 16 долбоордон тышкары алардын электрондук почтасына 234 кишиден 401 кайрылуу жана сунуш келген.

Ажымалиев учурда сынакка жаңы долбоорлор түшүп жатканын айтып, буга чейин мекемелер аралык комиссия парламентке сынактан мөөнөтүн 21-апрелге чейин узартуу сунушун бергенин билдирди.

Социалдык комитет сынактын мөөнөтүн узартууну колдоду.

Эскерте кетсек, былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу гимн өзгөрө турганын айтып чыккан. Кийин бул демилгени президент Садыр Жапаров колдой турганын билдирген. Ал жаңы гимн акындар, композиторлор тарабынан жазылып, элдин сынына коюларын жана көпчүлүккө жаккан гимн кабыл алынарын айткан.

Быйыл 7-февралда Маданият министрлиги жаңы гимнди жазууга сынак башталганын жарыялап, 5 мыкты эмгекке акчалай сыйлык берилерин билдирген. Эмгектер 20-мартка чейин кабыл алына турган болгон.

Сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>