Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндү

17-ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жана Восточная көчөсүндөгү жер тилкелеринин 13 ээсине жалпы суммасы 40 миллион 763 миң сомдук акчалай компенсация алуу сертификаттарын тапшырды. Тилкелер жолдорду реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.
Мэриянын басма сөз кызматы тактагандай, каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, компенсациялардын өлчөмү тилкелердин наркын көз карандысыз баалоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, төлөмдөр кыймылсыз мүлккө болгон мыйзамдуу укуктарын ырастаган тиешелүү документтерди тапшырган менчик ээлерине берилүүдө. Калган тилкелер үчүн компенсацияларды тариздөө иштери уланууда.
Мэр ири жол долбоорлорун ишке ашырууда мүлктүк маселелерди жөнгө салуу муниципалитет үчүн жаңы жана татаал тажрыйба болгонун белгиледи.
«Бүгүн биз бул ишти аяктоого ырааттуу түрдө жакындап жатканыбызды жана мэрия жер мыйзамдарына ылайык өз милдеттенмелерин пландуу түрдө аткарып жатканын белгилей алабыз. Бир дагы менчик ээси анын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуу менен жер тилкесинен ажыратылбашы керек. Биринчи кезекте биз жер тилкелерин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Бирок айрым тилкелердин аянты чакан экенин эске алганда, мындай вариант дайыма эле максатка ылайыктуу боло бербейт. Буга байланыштуу бул учурда менчик ээлерине акчалай компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды», — деп билдирди Жунушалиев.
Борбор калаанын башчысы Ленин райондук администрациясынын жетекчилигине калган менчик ээлеринин документтерин тариздөөнү жана тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүнү тездетүүнү тапшырды.
Мэриядан ошондой эле айрым учурларда компенсациялык төлөмдөр үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттар тартыларын билдиришти.
Алсак, Элебесов көчөсүн капиталдык оңдоодо жана кеңейтүүдө жол иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жети турак үйдүн ээлери бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен компенсация алышты. Ушундай эле иш Шабдан Баатыр көчөсү (мурда — Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков бульварынын (мурда — Жаш Гвардия бульвары) кесилишиндеги транспорттук түйүндү курууда да жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул тилкеде курулушка 16 объект тоскоолдук кылууда. Алардын биринин ээсине компенсация төлөнүп берилди, калгандары боюнча иштер уланууда.
Муниципалитеттен компенсация берүү жана альтернативдүү чечимдерди издөө маселелери менчик ээлеринин документтерин жана мыйзамдуу укуктарын эске алуу менен караларын баса белгилешти




