«Эки аялын тең нике менен алган болсо, жараткандын алдында күнөөсү жок», — деп билдирди Reporter.kg’ге муфтияттан.
Диний уюм үй-бүлө ичиндеги абал боюнча тиешелүү органдар баа бериши мүмкүндүгүн белгилейт.
Эскерте кетсек, 31-октябрда соцтармактарга Бишкекте 60 жылдык мааракесин берген жарандын эки аялы бар экени коомчулукка билинип, эл арасында кызуу талкууга алынган.
Эмне үчүн бул мыйзам бузуу: Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.
2017-жылы маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялы боюнча билдирүүсү коомдо катуу талкууланып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атайын текшерүү дагы жүргүзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз