Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Бишкекте эки аялы бар кишинин 60 жылдык тою өттү. Үй-бүлөлүк салтанаттын видеосун тамада Кубаныч Баркалбасов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, той ээсинин Батма жана Созул аттуу аялдары бар.

“Мындай тойду биринчи жолу көрүшүм. Ортодо турган эки аялы бар Бакыт байке. Бүгүн ушул үч инсандын  60 жаш торколуу тоюн алып барып жатам”, — дейт  тамада.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.

2017-жылы маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялы боюнча билдирүүсү коомдо катуу талкууланып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атайын текшерүү дагы жүргүзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>