Чүйдө эки чет элдик жаран 20 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Чүйдө эки чет элдик жаран 20 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Чүй облусунда эки чет элдик жаран 20 млн сомдук баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Чүй облусундагы баңгизат жасаган лабораторияны жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзгөн. Операция ийгиликтүү өткөрүлүп, 3 кг 790 грамм «мефедрон» психотроптук заты жана 425 килограммдан ашык прекурсорлор алынган. Аталган лаборатория Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашып, анда даярдалган маңзат Бишкек жана Чүй облусунун аймагында сатылып турган. Лабораторияда синтетикалык баңгизатты жасоого керектүү жабдыктар болгон.

Ошондой эле бул баңги лабораторияны иштетип жүргөн 29 жаштагы П.А. жана 24 жаштагы Г.Д. аттуу чет элдик жарандар кармалган. Алар лаборатория жайгашкан жерди ижарага алып иштетишкен. Ошондой эле дагы бир лаборатория ачууну көздөшкөн.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, алар №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин маалыматы боюнча, лабораториядагы табылып алынган 3 кг 790 грамм «мефедрон» 22 миңден ашык дозада маңзат жасоого жетмек. Ал эми анын баасы 20 млн сомдон ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>