Эки аял алгандарга мыйзамда кандай жаза каралган? Юристтин жообу (видео)

Эки аял алгандарга мыйзамда кандай жаза каралган? Юристтин жообу (видео)

Жактоочу Шердор Абдыкапаров «Кыргызстандын мыйзамдарында эки же андан ашык аял алган жарандарга кандай жаза каралган» деген суроо жооп берди.

Анын айтымында, 31-октябрда ММКларга эки аялы бар жаран тууралуу маалымат чыккандан кийин, ага соцтармактар аркылуу бир топ жаран «эки аял аялгандарга мыйзамда кандай жаза каралган?» деген суроолорду узатышкан.

«Сиздерге юрист катары жооп берейин. Мен эки аял алууга, көп аял алууга үгүттөө жасаган жокмун. Мыйзам боюнча түшүндүрүп, айта кетейин. Эки же андан көп аял алуу үчүн мыйзамда кылмыш жообуна тартуу каралган. Кылмыш кодексинин 176-беренесинде 100 сааттан 300 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу же 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү иштери же 50 миңден 100 миң сомго чейин айыппул түрүндөгү жаза каралган. Бул беренеде эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган эмес, (айыпталуучуга -ред) аталган 3 жазанын бирөөсү берилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 31-октябрда соцтармактарга Бишкекте 60 жылдык мааракесин берген жарандын эки аялы бар экени коомчулукка билинип, эл арасында кызуу талкууга алынган.

Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Юрист

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>