Шайлоочуларды кызыктыруу ыкмалары: 1ГБ интернет, бир айлык жол кире

Шайлоочуларды кызыктыруу ыкмалары: 1ГБ интернет, бир айлык жол кире

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков шайлоочуларды добуш берүүгө үндөө үчүн 1-2 аймакта эксперимент өткөрүүнү сунуштады.

Ал шайлоого катышкан жарандарга бир ай жол кирени бекер кылып, 5-15 мүнөттүк бекер чалуулар, 1 ГБ акысыз интернет же электр энергиясына жеңилдик берүү ыкмасын киргизүүнү сунуштайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова демилгени колдоду.

“Добуш берүү күнү жекшембиде эмес шаршембиде өткөрүү сунушталууда. Аптанын ортосун да болсо дагы аны дем алыш кылып жарыяласак болот. Кореяда ушул ыкма колдонулат”, — деди БШК жетекчиси.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 5 миллион шайлоочунун 1 миллион 700 миңи гана добуш берүүгө катышат.

Депутат Султанбай Айжигитов акыркы жылдары өткөн саясый тандоолордун мыйзамдуулугунан күмөн санады.

«Шайлоочулардын 51 пайызы келсе гана добуш берүү өттү деп эсептеле турган жобону киргизүү керек», — дейт эл өкүлү.

Боршайкомдун төрайымына бул сунуш жаккан жок. Анын пикиринде, бул мажбурлооого алып келиши мүмкүн, жарандар шайлоо тилкелерине өз эрки менен келиши керек.

Депутат Тазабек Икрамов жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу үчүн шайлоо тилкелеринде лотерея ойнотууну жана ага катышпагандарга айыппул салуу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыккан.

Айыппул, лотерея — Икрамовдон жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу жолу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>