«Жараткандын алдында күнөөсү жок». Муфтият эки аялы бар жаран боюнча пикирин билдирди

«Жараткандын алдында күнөөсү жок». Муфтият эки аялы бар жаран боюнча пикирин билдирди

«Эки аялын тең нике менен алган болсо, жараткандын алдында күнөөсү жок», — деп билдирди Reporter.kg’ге муфтияттан.

Диний уюм үй-бүлө ичиндеги абал боюнча тиешелүү органдар баа бериши мүмкүндүгүн белгилейт.

Эскерте кетсек, 31-октябрда соцтармактарга Бишкекте 60 жылдык мааракесин берген жарандын эки аялы бар экени коомчулукка билинип, эл арасында кызуу талкууга алынган.

Эмне үчүн бул мыйзам бузуу: Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.

2017-жылы маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялы боюнча билдирүүсү коомдо катуу талкууланып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атайын текшерүү дагы жүргүзгөн.

Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>