Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кеңейтилген жыйынында “Жогорку Кеңеште гендердик теңчиликти алга илгерилетүү, жалпы катышуунун негизинде парламентке гендердик баа берүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары” боюнча талдоонун бет ачары болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, төрагага караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Шарапаткан Мажитованын маалыматы боюнча, Кеңештин демилгеси менен 2022-жылы Жогорку Кеңешке эл аралык эксперттер, атап айтканда ЕККУ/ДИАУБ өкүлдөрү чакырылган. Кеңейтилген талкуулардан, консультациялардан, интервьюлардан жана пикир алмашуулардан кийин Жогорку Кеңеш үчүн чоң мааниге ээ жана актуалдуу болгон талдоо даярдалды.
Өз кезегинде төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев куттуктоо сөзүндө гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу маселеси абдан маанилүү экенин белгиледи. Анын пикиринде, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын аялдарынын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Үй-бүлө жана аялдардын ишкерлиги институтун колдоо, бардык чөйрөлөрдө гендердик тең салмактуулукту камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ага айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30% квота жакшы мисал болуп бере алат.
«Жогорку Кеңешке келсек, анализ көрсөткөндөй, гендердик маселелерде жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да бар. Мисалы, бир мандаттуу округдар боюнча шайлоодо эркек талапкерлерге артыкчылык берилип, бир гана аял депутат болуп шайланууга жетишкен.. Бул маселени чечүү үчүн комплекстүү мамиле талап кылынат. Ошол эле учурда депутат-аялдар тиешелүү комитеттерге мүчөлүк маселелеринде активдүүлүктү көрсөтүп, социалдык блоктон башка дагы секторлор бар экенин унутпашы керек. Эгерде Жогорку Кеңештин Аппараты тууралуу айта турган болсок, беш бөлүмдү аялдар жетектеп, 42% түзөөрүн баса белгилегим келет. Бул абдан жакшы деңгээл. Ал эми тиешелүү комитеттердин бөлүмдөрүндө көрсөткүчтөр анчалык канааттандырарлык эмес», — деген ал анализдин жыйынтыгы боюнча айтылган сунуштарды кылдаттык менен карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу керектигин баса белгиледи.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Екатерина Накашидзе Кыргыз Республикасында коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоого багытталган бекем мыйзамдык жана саясий база түзүлгөнүн кошумчалады. Бирок бул жетишкендиктерге карабастан, өлкөдө эркектер менен аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча толук тең укуктуулукка жетишүү үчүн али көп жолду басып өтүү керек. Ал гендердик теңчилик адамдын эң маанилүү укуктарынын бири катары коомдо тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда, туруктуу өнүгүүнүн негизинде адам потенциалын толук ишке ашырууда негизги ролду ойноорун эске салды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине гендердик баа берүү” талдоосун ЕККУ/ДИАУБ Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова сунуштады. Тактап айтканда, ал талдоо методологиясы, корутундулар жана сунуштар, анын ичинде Жогорку Кеңеште Гендердик теңчилик боюнча комитеттин түзүлүшү менен таанышты.
Белгилей кетсек, бул сунуш бүгүн кеңейтилген жыйында иш-чаранын катышуучулары тарабынан активдүү колдоого алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз