Бишкекте 6-7-июнда бир катар көчөлөр маал-малы менен жабылат

Бишкекте 6-7-июнда бир катар көчөлөр маал-малы менен жабылат

Катар мамлекетинин эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 6-7-июнь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалым болгондой, төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

— “Манас” эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарына чейин,

— Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

— Жаш Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, кең Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Кең Чүй көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

-“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин.

“Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>