Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болот? Тизме

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болот? Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгара баштады. Алгач партиялык система өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, беш пайыздык босогодон 6 партия өттү.  Эң көп добуш алган талапкерлер жана аялдар кваотасы менен депутат боло турчулардын тизмеси:

«Ата Журт Кыргызстан» партиясына 15 мандат тийсе, анын беши аял.

  1. Бакыт Төрөбаев
  2. Фархад Исмаилов
  3. Таалайбек Сарыбашев
  4. Айбек Маткеримов
  5. Жеңишбек Токторбаев
  6. Элдар Сулайманов
  7. Равшанбек Сабиров
  8. Жылдыз Садырбаева
  9. Алишер Козуев
  10. Жаныбек Кыдыкбаев
  11. Талайбек Масабиров
  12. Джамиля Исаева
  13. Надира Нарматова
  14. Камила Талиева
  15. Гүлшаркан Култаева

«Ишеним» партиясына 12 мандат тийсе анын төртү аял.

  1. Медербек Алиев
  1. Эмилбек Джусупов
  2. Жылдыз Таалайбек кызы
  3. Сүйүнбек Өмүрзаков
  4. Улугбек Ормонов
  5. Нурбек Сыдыгалиев
  6. Марат Мураталиев
  7. Бахридин Шабазов
  8. Русланбек Жакышов
  9. Миргүл Темирбаева
  10. Айсара Абдибаева
  11. Чолпон Султанбекова

«Ынтымак» партиясына  9 мандат тийсе, анын үчү аял.

  1. Эрулан Көкүлов
  2. Шарапаткан Мажитова
  3. Талант Мамытов
  4. Бакыт Тентишев
  5. Мурадил Сыдыков
  6. Марлен Маматалиев
  7. Балбак Түлөбаев
  8. Аида Исатбек кызы
  9. Лейла Лурова

«Алянс» партиясына 7 мандат тийсе, анын үчү аял.

  1. Чынгыз Айдарбеков
  2. Алтынбек Сулайманов
  3. Азамат Исираилов
  4. Фарходбек Алимжанов
  5. Гүлкан Молдобекова
  6. Нилуфар Алимжанова
  7. Токтобүбү Оргалча

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына 6 мандат тийсе, анын экөөсү аял.

  1. Адахан Мадумаров
  1. Исхак Масалиев
  2. Эмил Токтошев
  3. Алишер Эрбаев
  4. Орозайым Нарматова
  5. Гуля Кожокулова

«Ыйман нуру» партиясына 5 мандат тийсе, анын экөөсү аял.

  1. Нуржигит Кадырбеков
  2. Султанбай Айжигитов
  3. Замирбек Мамасадыков
  4. Винера Райымбачаева
  5. Динара Ашимова

Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына караганда, парламенттик шайлоого 21 партия 1046 талапкер көрсөтүп, анын 1037си каттоодон өткөн. Шайлоо башталганга чейин ар кандай себептер менен 32 талапкер тизмеден алынган.

Шайлоону өткөрүү үчүн 2494 тилке (анын 59у чет өлкөдө) ачылган. Добуштарды кол менен саноо учурунда 20 участканын протоколу жараксыз деп табылып, жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Шайлоодо 3 млн 703 миң 420 шайлоочунун 1 млн 281 миң 622си, тактап айтканда, 34,94%ы добуш берген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>