“Антошка” тез татымындагы өлүм. Сот өкүм чыгарды

“Антошка” тез татымындагы өлүм. Сот өкүм чыгарды

Биринчи Май райондук соту «Антошка» коомдук тамактануу тармагынын ээсин өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн күнөөлү деп таап, өкүм чыгарды. Бул туурасында соттун токтомунда айтылат.  2019-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварында жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайдын газ баллону жарылып, анын кассири каза тапкан.

Ошондой эле сот аны «Антошка» тез татым тармактарынын кассиринин өрттүн кесепетинен каза болгондугуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү» боюнча күнөөлүү деп чечим чыгарды.

Кылмыш ишин ачык сотто карап, сот ишкерди эки жылга коомдук тамактануу тармагында ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жыл алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.Ошону менен бирге сот КР Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесинин негизинде ишкерди бир жылга шарттуу көзөмөлдү колдонуу менен эркинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотту.

Мындан тышкары сот коомдук тамактануу тармагынын ээсин эки жабырлануучуга ар бирине 50 миң сомдон моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.

Эскерте кетсек, жалпысынан 2019-жылдын ноябрында «Антошка» коомдук тамактануу жайындагы жарылуудан бир кассир кыз каза болуп, дагы 11 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>