Жогорку Кеңеште Ала-Арчадагы трагедиядан кийин ӨКМдин ишин текшерүү талап кылынды

Жогорку Кеңештин депутаттары Ала-Арчада 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүштү. Алар издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө кандай чечимдер кабыл алынганын жана жардам көрсөтүүдө эмне себептен кыйынчылыктар жаралганын аныктоону талап кылышты.
Парламенттин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Ал бул окуя ӨКМдин ишине байланыштуу олуттуу суроолорду жаратканын белгиледи.
Анын айтымында, кырсык тууралуу алгачкы кабар кечки саат 19:00 чамасында түшкөн. Депутат ошол учурдан тартып куткаруучулардын бардык аракеттерин тактап чыгууну талап кылды.
«ӨКМ кечки саат жетиден баштап ким, качан жана кандай чечим кабыл алганын расмий билдириши керек. Муну коомчулук да, Жогорку Кеңеш да билүүгө укуктуу», — деди ал.
Карыбек уулу куткаруу кызматтарынын техникалык жабдылышын да сынга алды. Анын айтымында, издөө иштеринде байланыш көйгөйлөрү жаралып, тик учакты жана кошумча экипаждарды күтүүгө туура келген.
Депутат мындай кырдаалда, айрыкча балдардын өмүрүнө коркунуч жаралганда, куткаруу кызматтары дароо аракет көрүшү керек деп эсептейт.
Ал укук коргоо органдарын ӨКМдин жооптуу кызматкерлеринин аракеттерин текшерип, жыйынтыгын парламенттин тиешелүү комитетине алып келүүгө чакырды. Ошондой эле өлкөдө түнкүсүн жана аба ырайы татаал шарттарда уча ала турган экипаждар бар-жогун тактоону сунуштады.
Депутат Улугбек Ормонов кесиптешин колдоп, трагедиянын жагдайларын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, текшерүүнү Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.
Төрага иликтөө аяктагандан кийин парламент бул маселеге кайра кайрылып, мындан аркы аракеттерди аныктай турганын айтты.
Маматалиев тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды да карап чыгууну сунуштады. Атап айтканда, трекерлерди, Starlink спутниктик байланышын колдонуу жана кыйын кырдаалга кабылган адамдар баш калкалай турган аралык пункттарды түзүү маселеси көтөрүлдү.
Анын айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин депутаттар жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин жана мындай трагедиялардын кайталанбашы үчүн көрүлө турган чараларды карашат.
Эске салсак, 7-ноябрда 14 жаштагы Амир Кунакунов жаш курагына байланыштуу жарышка катышууга уруксат берилбегенден кийин Ала-Арча тоолоруна кеткен. Кечинде ал куткаруучуларга телефон чалып, адашып калганын билдирген. Өспүрүмдү издөө иштери эки суткадан ашык убакытка созулган. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон.